Трамп Түштүк Кореядагы аскер санын азайтууда

Трамп Пентагонго буйрук берди.

963826
Трамп Түштүк Кореядагы аскер санын азайтууда

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түштүк Кореядагы Американын аскерлеринин санын азайтууну калап жатат.

«New York Times» гезитинде орун алган кабарга караганда, Дональд Трамп Коргоо министрилиги Пентагонго Түштүк Кореядагы 28 миң 500 аскердин санын азайтуу үчүн альтернативаларды даярдашын буйрук кылды.

Трамптын бир канча жуманын ичинде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусу күтүлүп жатканда ташталган бул кадам, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан келген талап эмес.

Жооптуу кызматкерлер, АКШнын аскер санын азайтышынын «соодалашуу үчүн кандайдыр бир аракет эмес» экени айтышты.

Кабарда айрыкча Ак үйдүн жооптуу кызматкерлеринин «АКШ аскерлеринин толугу менен чыгууларынын мүмкүн эмес экенин» билдиргендерине да орун берилди.

Түштүк Кореянын Президенттигинин катчысы: «Түштүк Кореяда кызмат өтөп жаткан АКШ аскерлери, Түштүк Корея менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүккө байланыштуу маселе болуп саналат. Тынчтык келишимдери менен байланышы жок»,- деп айтып, АКШ аскерлиринин чыкпай турганын билдирген эле.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын 27-апрелде эки өлкөнүн ортосундагы аскерлерден тазаланган аймакта жолуккан болчу.

Бул учурда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон, президент Трамптын Түштүк Кореядагы аскерлердин санын азайтууга буйрук бергендиги жөнүндөгү айтымдардын жалган экенин билдирди.



Тектеш кабарлар