Индияда апааттан каза тапкандардын саны 125тен ашты

Индияда кум борошосу таасирдүү болуп жатат.

963782
Индияда апааттан каза тапкандардын саны 125тен ашты

Индиянын түндүгүнө таасирин тийгизген кум борошосунан каза тапкандардын саны 125тен ашты.

Ражастан, Уттар-Прадеш жана Уттаракханд аймактарында таасирдүү болгон кум борошосунан жүздөгөн адам да жаракат алды.

Пенжаб, Харьяна жана өлкөнүн орто бөлүгүндөгү Мадхья-Прадеш аймактарында да таасирдүү болгон шамалдан айрым үйлөр кулап, бак-дарактар менен электр зымдарынын устундары омкорулду жана кээ бир үй жаныбарлары кырылып калды.

Көз жумгандардын көпчүлүгү, катуу шамал жана чагылгандан улам кулаган үйлөрдө каза болушту.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди социалдык медиа баракчасындагы бөлүшүүсүндө, каза тапкандар үчүн катуу капа болгонун билдирип, алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи. 

Ошондой эле премьер-министр Моди жооптуу кызматкерлерге, апааттан жабыр тарткандарга жардам берүүлөрүн буйрук кылганын белгиледи.

Каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенине кооптонгон жооптуу кызматкерлер, аба шарттарынын дагы да начарлай турганы боюнча эскертишти.

Бир тараптан катуу жамгырлар жана кум борошосу таасирдүү болгон Жаңы Делиде катаал аба шарттарынын себебинен транспорт каттамдары токтоп калса, 15 учак ар кайсы аэропортторго багыттандырылды.



Тектеш кабарлар