Cириядагы ооруканага абадан кол салуу жасалды

Кол салууда бир оорукана кызматкери каза тапты.

962744
Cириядагы ооруканага абадан кол салуу жасалды

Сириянын Хама облусунун Кефер Зита районундагы Ихтисас ооруканасына жасалган абадан кол салууда бир оорукана кызматкери каза тапты.

Кефер Зита Ихтисас ооруканасынын басма сөздөн жооптуу Хасан ел Аграж ооруканага үч жолу абадан кол салуу жасалгандыгын айтты. Аграж : «Абадан кол салууда 5 киши да жараланды. Ушундайча Хама облусунун түндүгүндөгү бир гана оорукана иштебей калды»,- деди.

Оппозициячылдар да социалдык медиа эсебинен берген маалыматта : «Латакия облусундагы Хымеймим аба базасынан учкан орус аскердик учагы Кефер Зита районундагы  Ихтисас ооруканасына кол салуу жасалды»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар