Коалиция күчтөрүнүн кол салуусунда 25 киши каза болду

Кол салууда каза болгондордун көпчүлүгү аялдар менен балдар.

961956
Коалиция күчтөрүнүн кол салуусунда 25 киши каза болду

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалициянын Сириянын Хасеке облусунун 60 километр түштүк  - чыгышында орун алган жана террордук уюм ДЕАШ басып алган Ел Фадыл айылына жасаган абадан кол салуусунда 25 жаран каза болду.

Айыл калкы эрте мененки сааттарда жасалган кол салууга үйлөрүндө уктап жаткан кезде туш болду. Кол салууда каза болгондордун көпчүлүгү аялдар менен балдар.

Коалиция күчтөрүн бутага алган аймак Ирак чек арасынын жакындарында жана террордук уюм ДЕАШтын колунда калган акыркы айылдардын бирөөсү.

ДЕАШ 2016 -  жылы Хасекеге караштуу Шедади жана Хол айылдарынан чегинип аймактагы эң негизги эки чебин колдон чыгарган.

 



Тектеш кабарлар