Израилде премьер - министрге согуш жарыялоо жоопкерчилиги берилди

Мыйзамды жактап  добуш берген депутаттардын саны тууралуу маалымат берилген жок.

961813
Израилде премьер  - министрге согуш жарыялоо жоопкерчилиги берилди

Израиль парламенти Кнессет премьер  - министр Беньямин Нетаньяхуга коргоо министринин бекитүүсүнөн кийин согуш жарыялоо жоопкерчилигин берген мыйзам долбоорун бекитти.

«Гаарец» гезитинин билдиргенине караганда премьер  - министрге өзгөчө кырдаалдарда коргонуу министри менен кеңешип  согуш жарыялуу жоопкерчилигин берген мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү добуш берүүдө кабыл алынып мыйзамдаштырылды. Кабарда мыйзамды жактап  добуш берген депутаттардын саны тууралуу маалымат берилген жок.

Бул мыйзам менен бирге Нетаньяху эми согуш жарыялоо үчүн өкмөттүн же Кнессет коопсуздук жана саясий иштер комиссиясынын бекитүүсүн алууга мажбур болбойт.

Кнессеттеги добуш берүүдөн мурда Нетаньяху Израиль чалгындоосунун Ирандын ядролук курал чыгаруу үчүн жашыруун бир программа тууралуу иштегендигине байланыштуу далилдерге жетишкендигин айткан болчу.

 



Тектеш кабарлар