Түндүк Кореяга багытталган максимум кысым көрсөтүү саясаты уланат

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү жарыясында Дональд Трамптын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жана Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнү билдирилди.

960520
Түндүк Кореяга багытталган максимум кысым көрсөтүү саясаты уланат

АКШнын президенти Дональд Трамп, Корея жарым аралы ядролук куралдардан тазаланганга дейре Түндүк Кореяга багытталган максимум кысым көрсөтүү саясатын уланта тургандарына басым жасады.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү жарыясында Дональд Трамптын Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жана Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнү билдирилди.

Трамп жана Мундун сүйлөшүүсүндө, Мундун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 27-апрелде болгон жолугушуусу кеңири сүйлөшүлгөнү маалымдалды.

Айрыкча эки лидер Түндүк Кореяга АКШ баштаган максимум кысым көрсөтүү саясатынын Пхеньян башкаруучулугун учурдагы чийинге алып келгени темасында бирдей пикирде болушту.

Телефондогу сүйлөшүүдө айрыкча Корея жарым аралында толук, так жана кайра кайтылгыс ядролук куралдардан тазалануу процессинин аймакка өнүгүү жана тынчтык алып келе турганына көңүл бурулду.

Трамп, Япониянын премьер-министри Абэ менен болгон сүйлөшүүсүндө да Түндүк Кореянын бардык ядролук жана баллистикалык ракета программаларын соңуна чыгарышы керектигин баса белгиледи.

Бир тараптан АКШнын президенти Трамптын бир канча жуманын ичинде Түндүк Кореянын лидери Ким менен жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар