Кытай менен Индиянын алакалары

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Кытайдын ортоңку аймагындагы Хубей провинциясынын борбор шаары Вухандагы сапарынын экинчи күнүндө Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту.

960612
Кытай менен Индиянын алакалары

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, өлкөсү менен Индиянын ортосундагы карым-катнаштардын глобалдык ырааттуулук жана тынчтык үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

Синхуа маалымат агенттигинин маалыматына караганда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Кытайдын ортоңку аймагындагы Хубей провинциясынын борбор шаары Вухандагы сапарынын экинчи күнүндө Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Эки лидер жолугушууда жакын кызматташтыктын маанисин баса белгилешти.

Жолугушууда Си Цзиньпин, эки өлкөнүн дагы жакын стратегиялык байланыш куруусу жана айырмачылыктарды дагы жетилген түрдө башкаруусу керектигин белгилеп, «Кытай-Индия карым-катнаштары глобалдык ырааттуулук жана тынчтык үчүн маанилүү»,-деп айтты.

Индиянын премьер-министри Моди, Твиттердеги бөлүшүүсүндө жолугушууларда экономикалык карым-катнаштар менен катар талаа чарба, технология,энергетика, туризм жана адам карым-катнаштарынын каралганын билдирди.

Жолугушуулардын түшүмдүү өткөнүн белгилеген Моди, Индия жана Кытайдын достугунун бүткүл дүйнө жана эки өлкөнүн элдери үчүн пайдалуу болоорун айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы алгачкы өзгөчөлүгү болгон расмий эмес жолугушуунун июнь айында Кытайдын Шаньдун провинциясындагы Циндао шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Саммитинин алдында карым-катнаштарга оң чагылышуусу күтүлүүдө.

Эки өлкөнүн ортосунда чек аралаш коңшусу Тибеттин руханий лидери Далай Ламага Индиянын жылуу мамиле көрсөтүшү жана тарыхый Жибек жолунун кайрадан жанданышын максаттаган «Бир Муун, бир алкак жана жол» долбоорунун багытындагы айырмачылыктардын себебинен түшүнүшпөстүктөр бар.

Азиянын эң ири эки өлкөсү 3500 чакырымдык чек ара менен чектешкен.

Кытай жана Индиянын ортосунда өткөн жылы июнь айында болгон чек ара маселесинин себебинен карым-катнаштар чыңалган.

Эки өлкөнүн ортосундагы Дунланг аймагында чек аранын Кытай тарабында Пекин башкаруучлугу жол куруп жатканда индиялык аскерлер чек арадан өтүп барып жол курулушун токтотууга аракет кылган.

Кытай ушул себептен Индияны чек араны бузгандыгы менен күнөөлөгөн.

Индиянын август айында аскерлерин тийиштүү аймактан чыгарып кетиши менен эки тараптуу карым-катнаштарда басаңдаган чыңалуу, тараптардын сентябрь айында Кытайдын Шиам шаарында өткөн БРИКС (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) Лидерлер Саммитинде макулдашуусу менен соңуна чыккан болчу.



Тектеш кабарлар