Армения жаңы премьер-министрин шайлайт

Парламент 23-апрелде кызматынан кеткен Серж Саркисяндын ордуна 1-майда жаңы премьер-министр шайлайт.

960706
Армения жаңы премьер-министрин шайлайт

Арменияда бийликтеги партия өлкөдөгү чыңалууну азайтыш үчүн премьер-министрликке талапкер жарыялабоо чечимин чыгарды.

Оппозициядагы лидер Никол Пашиняндын премьер-министр болушу күтүлүп жатат.

Парламент 23-апрелде кызматынан кеткен Серж Саркисяндын ордуна 1-майда жаңы премьер-министр шайлайт.

Бийликтеги партия шайлоо үчүн талапкер көрсөтпөй турганын жарыялады.

Премьер-министр Серж Саркисяндын кызматынан кетиши менен натыйжаланган митингдерге жол башчылык кылган оппозициядагы лидер Никол Пашинян болсо парламенттеги премьер-министрлик шайлоолоруна талапкерлигин мурдатан жарыялаган болчу.

Пашинян убактылуу премьер-министрлик кызматына келгенден кийин өлкөнү мөөнөтүнөн мурда шайлоого алып барууну максаттап жатат.

Никол Пашинян нааразылык акцияларын уланата тургандарын да жарыялады.

Пашинян 1-майда борбор калаа Ереванда башкарууга каршы чоң митинг уюштуруу чакырыгын салды.



Тектеш кабарлар