Хусилерден Сауд Аравияга ракеталык кол салуу

Йеменден Сауд Аравияга атылган баллистикалык ракета абада жардырылды.

960325
Хусилерден Сауд Аравияга ракеталык кол салуу

Сауд Аравиянын расмий агенттиги СПАда орун алган кабарга караганда Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн катчысы полковник Түрки ел  - Малики өлкөнүн чек арасына жакын Нежран шаарына баллистикалык ракета кол салуусунун жасалгандыгын белгиледи. Кол салуунун Йемендин түндүк аймагындагы хусилер тарабынан жасалгандыгын айткан Малики ракетанын абадан коргонуу системалары тарабынан жардырылгандыгын билдирди.

Хусилердин баллистикалык ракета кол салуулары улантышынын Ирандын хусилерге карата курал жана ракета колдоосун улантууда деген мааниге келгендигине көңүлдөрдү бурган Малики : «Иран колдогон хусилердин кылган душман сыяктуу мамилеси БУУнун 2216 жана 2231 номердүү чечимдеринин ачык түрдө бузулушу жана башта Сауд Аравия болгон аймактын коопсуздугун коркутууда»,- деди.

Йеменде башкарууну өткөрүп алууну каалаган хусилер 2014 -  жылдан бери борбор шаар Сана башта болгон кээ бир аймактарды текшерүүгө алган. Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү 2015 -  жылдан бери мыйзамдуу башкарууга караштуу күчтөргө колдоо берүүдө.



Тектеш кабарлар