Израиль Газага кол салды
Кол салууда каза болгон жана жаралангандар болгон жок.
960139
Израиль аскерлери Газада Хамастын аскердик канаты Иззеддин ел - Кассам полкуна таандык буктурмаларга кол салды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Газанын Дейр ел - Белах аймагына жасалган кол салууда кишилер каза болуп же жаралангандар болгон жок.
Ошол эле учурда Израиль армиясынан берилген маалыматта Израиль аскердик учактарынын Газада Хамаска таандык 6 жерге кол салуу жасагандыгы белгиленди. Маалыматта кол салуунун кечээ Израилдин ичине кирүүгө аракет кылгандарга жооп катары ишке ашкандыгы билдирилди.