Орусия Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны колдой турганын билдирди

Орусия, Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын ортосунда кызматташтык түзүлүүсү үчүн салым кошууга даяр болгонун жарыялады.

960064
Орусия Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны колдой турганын билдирди

Орусия, Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын ортосунда кызматташтык түзүлүүсү үчүн салым кошууга даяр болгонун жарыялады.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин чек арада өткөргөн тарыхый жарыялоосунан кийин ачыктоо жасаган Орусиянын тышкы иштер министрлиги Москванын эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык түзүлүүсү үчүн салым кошууга даяр экенин белгилеп кетти.

Анда тарыхый саммит Сеул жана Пхеньян тарабынан улуттук макулдашуунун камсыздалышы жана ар түрдүү жолугушуулар өткөрүлүшү багытында ташталган маанилүү кадам катары бааланды.

Корея саммитинин жыйынтыгында кабыл алынган Панмунжом декларациясында орун алган келишимдерди оң деп тапкандарын белгилеген министрлик, «Темир жолу, электр энергиясы, газ тармактарында жана башка тармактарда үчтүк кызматташтыктын өнүктүрүлүшү жолу менен Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын ортосунда накталай кызматташтык түзүлүүсүн камсыздоого даярбыз»,-деп жазды.

Министрлик, тарыхый саммиттин атомдук маселе менен катар Корея жарым аралындагы бардык маселелердин чечилиши үчүн тараптардын дипломатиялык процессти күчөтүү ниетин ортого салганына көңүл буруп, билдирүүнүн акырында бул сөздөргө орун берди: «Корея жарым аралында чечим табыш үчүн Орусия жана Кытайдын жол картасынын негизинде тийиштүү өлкөлөр менен аракет кылуубузду улантабыз. Бул иштердин Түндүк Чыгыш Азияда тынчтык жана коопсуздук системасынын курулуусун максаттаган көп улуттуу сүйлөшүүлөрдүн жаңыдан башталуусун камсыздай турганын ойлоодобуз».

 



Тектеш кабарлар