АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Майк Помпео болду

Помпео Сенатта 42 каршы, 57 кабыл добушун алды.

959561
АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Майк Помпео болду

АКШда Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) жетекчиси Майк Помпео мамлекеттик катчы болду.

Президент Дональд Трамп тарабынан Рекс Тиллерсондун ордуна талапкер көрсөтүлгөн Майк Помпео Сенаттагы добушка коюудан кийин АКШнын 70-мамлекеттик катчысы болду.

Помпео Сенатта 42 каршы, 57 кабыл добушун алды.

Өкүлдөр Палатасында үч мезгил Республикачыл партиядан Канзас эл өкүлү болгон Помпео, ошол эле учурда Конгрессте Чалгындоо комитетинин мүчөсү болгон.

Помпео 2017-жылдын январь айында Трамп тарабынан ЦРУнун жетекчиси болуп дайындалган болчу.

Бул учурда Помпеонун 26-30-апрель күндөрүнүн аралыгында Брюссель, Рияд, Кудус жана Амманда болоору билдирилди.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катыша турган америкалык министр менен жолугат.



Тектеш кабарлар