АКШ Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Индин жолугушуусуна ыраазы

Ак үйдүн катчысы Сара Сандерс жазуу түрүндө маалымат берди.

959642
АКШ Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Индин жолугушуусуна ыраазы

АКШ, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусун оң жагдай катары эсептегенин билдирди.

Ак үйдүн катчысы Сара Сандерс темага байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Ким Чен менен Мундун жолугушуусун «тарыхый» деп сыпаттаган Сандерс: «Сүйлөшүүлөрдүн бүткүл Корея жарым аралы үчүн тынчтык жана жаркын келечеги жолунда илгерилөө камсыз кылат деп ишенем»,-деди.

Катчы айрыкча, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чендин ортосундагы жолугушуунун да келээрки жумаларда болоорун күткөндөрүн сөз кылды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен эки өлкөнүн чек араларындагы аскерлерден тазаланган аймак болгон Паньмыньчжоне айылында жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар