Путин менен Армен Саркисян телефон аркылуу сүйлөштү

Эки лидер эмнени сүйлөштү?

959078
Путин менен Армен Саркисян телефон аркылуу сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын президенти Армен Саркисян, Арменияда болуп жаткан абалды телефондо талкуулашты.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин билдирүүсүндө, сүйлөшүүдө эки лидердин Арменияда болуп жаткан кризиске байланыштуу пикир алмашкандары белгиленди.

Сүйлөшүүдө кризистин чечилүүсү үчүн Армениядагы бардык саясий багыттардын аракет жана жоопкерчилик көрсөтүүлөрү керектигин баса белгилешкен Путин менен Саркисяндын, бүткүл тараптардын ортосунда баш мыйзамга шайкеш түрдө иштиктүү сүйлөшүүлөрдүн башталуусунун маанилүүлүгү боюнча бирдей пикирде экендиктери сөз кылынды.

Арменияда оппозициячылдар, 13-апрелде Серж Саркисяндын премьер-министрликке талапкер көрсөтүлүшүнө каршы нааразылык акцияларын баштаган болчу.

Премьер-министр болуп шайланган Саркисян нааразык акцияларынын себебинен дүйшөмбү күнү кызматынан кетүүгө аргасыз болду.



Тектеш кабарлар