АКШнын Иран тууралуу жаңы билдирүүлөрү

БУУнун Женевадагы кеңсесинде уланган Ядролук куралдарга тыюу салынышы келишими (NPT) тууралуу эл аралык конференцияда АКШ делегациясынын төрагалыгын кылган Кристофер Форд, маалымат жыйын өткөрдү.

958879
АКШнын Иран тууралуу жаңы билдирүүлөрү

АКШнын Иран менен түзүлгөн атомдук келишиминин «кайрадан сүйлөшүлүшүн», «кайрадан ачылышын» же «шарттарынын өзгөртүлүшүн» жактаганы билдирилди.

БУУнун Женевадагы кеңсесинде уланган Ядролук куралдарга тыюу салынышы келишими (NPT) тууралуу эл аралык конференцияда АКШ делегациясынын төрагалыгын кылган Кристофер Форд, маалымат жыйын өткөрдү.

Форд АКШ бийлигинен келген Иран менен атомдук келишимдин жоюла турганына карай билдирүүлөрүнүн тескерисинче бул келишимдин уланышын жактагандарын белгиледи.

Иран менен Р5+1 өлкөлөрүнүн (АКШ,Англия, Кытай, Франция, Орусия жанаГермания) арасында 2015-жылы кол коюлган атомдук келишим жана Биргелешкен камтуучу кыймыл планы (JCPOA) тууралуу Форд, «Биргелешкен камтуучу кыймыл планынын (JCPOA) кайрадан сүйлөшүлүшү, кайрадан ачылуусу же шарттарынын алмаштырылышын максаттоодобуз»,-деп айтты.

Форд, АКШнын Иран менен болгон атомдук келишимге кошумча түрдө, «жаңы эрежелери, шарттары жана параметрлери болгон кошумча келишим» изденүүсүндө экенин айтты.



Тектеш кабарлар