Иран жоолук салууда Түркияны үлгү кылып көрсөттү
Парванех Салахшури : «Түркияда мажбур болбогондугуна карабастан жоолукка кызыгуу көп",- деди.
958642
Иран Ислам Кеңеши ассамблеясынын аялдар комиссиясынын төрагасы Парванех Салахшури жоолук салууда Түркияны үлгү катары көрсөттү. Салахшури : «Аялдарды ахлакты себеп катары көрсөтүү менен жоолук салууга мажбурлай албайбыз. Бул маселени логикалык жол менен билдиришибиз керек»,- деди.
Парванех Салахшури : «Түркияда мажбур болбогондугуна карабастан жоолукка кызыгуу көп. Бирок биздин өлкөбүздө адамдар бул маселеде көшөрүшүүдө. Өзүбүздү тергөөгө ала албайбыз. Себеби логика жүргүзүүнүн ордуна ахлакты колдонуудабыз»,- деди.
Салахшури : «Пайгамбарыбыз да хиджаб тууралуу сабыр жана оптимист болууну сунуш кылган»,- деди.