Лавров Кытайда

Лавров Пекинде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

957785
Лавров Кытайда

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ак үйдөн айтылган билдирүүлөрдүн тескерисинче, АКШнын Сириядан чыгуу сыяктуу ниети болбогонун айтты.

 Расмий сапар менен Кытайга барган Лавров, борбор шаар Пекинде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Лавров АКШнын Сириядан чыгуу сыяктуу ниетинин болбогонун айтып, Сирия маселесин чечүү темасында кандай кызматташтык кыла тургандарынын француз жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин такталышын күткөндөрүн белгиледи.

Канаданын Торонто шаарында чогулган G7 өлкөлөрүнүн (АКШ, Англия, Франция, Италия, Япония, Канада, Европа Биримдиги) тышкы иштер министрлеринин Орусияны «жоопкерчиликсиз жана туруктуулукту бузуучу» мамилесинен улам айыптагандары тууралуу да маалымат берген Лавров: «G7 министрлери орустарга каршы турушат»,-деди.



Тектеш кабарлар