Иранда Шах Рыза Пехлевиге таандык мумиянын табылгандыгы айтылууда

Шах Рызанын сөөгү Египетте мумияланып узун убакыт Каирдеги Рыфаи мечитинде сакталган.

957889
Иранда Шах Рыза Пехлевиге таандык мумиянын табылгандыгы айтылууда

Ирандын Рей шаарында мурунку өкүмдарлардан Шах Рыза Пехлевиге таандык экендиги айтылган бир мумия табылды.

Иран расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Тегеран Ислам Кеңешинин маданий мурас жана туризм комитетинин төрагасы Хасан Халилабади Рейдеги Абдулазим күмбөзүнүн батыш бөлүгүн кеңейтүү иштери учурунда бир мумиянын табылгандыгын айтты.

Мумиянын Ирандын мурунку өкүмдарларынан Шах Рызага таандык болушу мүмкүн экендигин белгилеген Халилабади тийиштүү мекемелер тарабынан керектүү иликтөөнүн жүргүзүлөрүн билдирди.

Иранда 1925 -  жылы Пехлеви династиясынын пайдубалын түптөө менен башкарууну колго алган Шах Рыза Экинчи дүйнөлүк согушунда Британия жана советтер союзу өлкөсүн басып алган учурда сүргүнгө айдалган Түштүк Африкада 1944 -  жылы каза болгон.

Шах Рызанын сөөгү Египетте мумияланып узун убакыт Каирдеги Рыфаи мечитинде сакталган. Мумия 1950 -  жылдарда Иранга алып барылган жана Рей шаарында даярдалган мавзолейге азем менен көмүлгөн. Шах Рызанын мавзолейи 1979 -  жылдагы Иран төңкөрүшүнөн кийин Айетуллах Хумейнинин бекитүүсү менен кулатылган.



Тектеш кабарлар