Дональд Трамп нефть бааларын сынга алды

Дональд Трамп : "Нефть баалары  абдан жогору! Бул жакшы эмес жана кабыл алынгыс».

956118
Дональд Трамп нефть бааларын сынга алды

АКШнын президенти Дональд Трамп нефть бааларын сынга алды. Дональд Трамп Нефть экспорттогон өлкөлөр уюму OPECти көрсөтүү менен нефть бааларынын абдан жогору экени тууралуу сынга алды. Трамп твиттер эсебинен Нефть экспорттогон өлкөлөр уюмун сынга алган билдирүүсүндө : «Көрүнүшкө карай турган болсок OPEC дагы иш башында. Деңиздердеги ичи толо болгон кемелер да болгон, бардык жерде рекорддук деңгээлде нефть бар. Нефть баалары  абдан жогору! Бул жакшы эмес жана кабыл алынгыс»,- деди. Серепчилер Жакынкы Чыгышта акыркы жумаларда болгон араздашууларды белгилеп, нефть бааларынын акыркы үч жарым жылдын эң жогорку деңгээлинде кетүүнү улантып жаткандыгын билдиришти.

19 -  апрелде жалпы дүйнөдө эң көп колдонулган бернд иштетилбеген нефиттинин баррель баасы 74, 75 долларга, АКШнын Батыш Тексас нефтисинин баррель баасы да 69, 56 долларга чейин чыккан болчу.



Тектеш кабарлар