Британия ханышасы 2 - Элизабет 92 жашын белгилеп жатат
2 - Элизабет 2015 - жылы 89 жашында чоң энеси Ханыша Викториянын узун убакыт тактыда отуруу рекордуна жеткен.
63 жылдан бери тактыда отурган Ханыша 2 - Элизабеттин туулган күнүнөн улам Бириккен Королдукта иш чаралар өткөрүлүүдө.
Салттык түрдө жыл сайын эки жолу туулган күнүн белгилеген ханыша 1926 - жылы 21 - апрелде туулган. Элизабет 1952 - жылы 6 - февралда ханыша болуп Британия тарыхынын эң узун тактыда отурган ханышасы болду.
Биринчи жолу 1748 – жылы Король 2 - Жорждун негизги туулган күнүнүн ноябрь айында жаман аба шарттарына байланышту июнь айында салтанаттуу түрдө туулган күнүн белгилегендиги билинет. Королдукта бул салт азыр да улантылууда.
Ханыша 2 - Элизабеттин чыныгы туулган күнүн үй - бүлө мүчөлөрү менен өткөрүүнү каалагандыгы билинүү менен күндүн ичинде борбор шаар Лондондогу Hyde парк, Windsor парк, Лондон чебинен замбирек атылууда.
2 - Элизабет 2015 - жылы 89 жашында чоң энеси Ханыша Викториянын узун убакыт тактыда отуруу рекордуна жеткен.