Австрияда болгон поезд кырсыгында 54 киши жараланды
Кырсыктын себеби тууралуу азырынча маалымат берилбестен адистердин бул тууралуу иликтөө жүргүзгөндүгү белгиленди.
Австриянын Зальцбург шаарында болгон поезд кырсыгында 54 киши жараланды.
Австрия мамлекеттик телекөрсөтүүсү ОРФ Цюрих жана Венеция жактарынан келген эки поезддин Зальцбург станциясына жакындап калган кезде кагылышкандыгын жарыялады.
Цюрих багытынан келген поезддин кондуктору Сюзанна Фрид ОРФге берген маалыматта кагылышуудан улам вагондордогу буюмдардын кишилердин үстүнө кулашы менен кишилердин жаралангандыгын белгилеп : «Өлүм коркунучу бар жаралуулар жок»,- деди.
Кызыл Крест жетекчилеринин берген маалыматына орун берилген кабарда кырсыкта 54 кишинин жаралангандыгы жана кээ бирлеринин жакын жерлердеги ооруканаларга жиберилгендиги белгиленди.
Кырсыктын себеби тууралуу азырынча маалымат берилбестен адистердин бул тууралуу иликтөө жүргүзгөндүгү белгиленди.