Катар - Британия биргелешкен машыгуусу

Катар коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кечээ аткарылган деңиз машыгуусуна HMS Bangor Британия кемесинин да катышкандыгы белгиленди.

955735
Катар  - Британия биргелешкен машыгуусу

Катар жана Британия деңиз күчтөрү Катар сууларында орток машыгуу өткөрдү.

Катар коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кечээ аткарылган деңиз машыгуусуна HMS Bangor Британия кемесинин да катышкандыгы белгиленди.

Маалыматта машыгуунун эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу кызматташтыгынын негизинде террор менен күрөшүү боюнча аймакта ырааттуулук жана коопсуздукту коргоо аракеттерин колдоо максатында өткөрүлгөндүгү билдирилди.

Катар менен Британиянын ортосунда декабрь айында коргонуу тармагында кызматташтык келишимине кол коюлган болчу. Эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү өткөн жылы  ар башка тармактарда 4 биргелешкен аскердик машыгуу өткөргөн.



Тектеш кабарлар