Орусия аскердик спутник учурду
Спутниктин «Байкоңур» космодромунан ийгиликтүү учурулганы белгиленди.
954680
Орусия Казакстандагы «Байкоңур» космодромунан аскердик спутник учурду.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, аскердик спутниктин Москва убактысы боюнча саат 1.12де Протон-М ракетасы менен Казакстандагы «Байкоңур» космодромунан ийгиликтүү учурулганы белгиленди.
Спутниктин Орусиянын Коргоо министрлигинин кызыкчылыктарынын негизинде учурулгандыгы сөз кылынган билдирүүдө, Орусиянын Аба-Космостук күчтөрүнүн командиринин орун басары Александр Головконун ракетанын учурулушун башкарганы маалымдалды.