Араб лигасынын саммити Сауд Арабияда башталды
Араб лигасынын 29-Саммити 15 өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусу менен башталды.
Сауд Арабиянын кожоюндугунда Араб лигасынын 29-Саммити 15 өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусу менен башталды.
Сауд Арабиянын падышасы Салман, ачылыш сөз сүйлөөсүндө АКШнын Кудус токтомун четке каккандарын айтты.
Салман, айрыкча Чыгыш Кудус үчүн 150 миллион доллардык жардам бере тургандарын белгилеп кетти.
Падыша Салман Иранга катуу каршы чыкты.
Салман: «Ирандын араб өлкөлөрүндөгү террордук кыймылдарын катуу айыптайбыз»,-деди.
Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, Араб лигасынын 29-Саммитинен улам билдирүү жарыялады.
Путин анда: «Сирия жана Иракта саясий чечүүчү жол табууга жана кайрадан курулуу процессин биргелешип ылдамдатууга, маанилүү маселелерди чечүүгө жардам беле алабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 41 миң 495ке жетти
Израилдин Газага 355 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израилдин Ливанга кол салуулары
Тель-Авив дүйшөмбүнүн таңынан бери өлкөгө 2 миңден ашуун бомба ташталганын жарыялады.