Бомбаланган жерлер

Дамаск менен Хама, Хомс, Дера жана Сүвейда облустарындагы аскердик жерлер бомбаланды.

951108
Бомбаланган жерлер

АКШ, Британия жана Франциянын Чыгыш Гутада жарандарга карата химиялык курал колдонгон Башар Асад режими күчтөрүн бутага алган аба операциясында борбор шаар Дамаск менен Хама, Хомс, Дера жана Сүвейда облустарындагы аскердик жерлер бомбаланды.

Операцияда биринчи болуп Дамасктагы Республика Гвардиясы, Думейр аэропорту, Дамаск эл аралык аэропортунун тегереги, Жемейре илимий изилдөөлөр борбору, Касюн тоосундагы абадан коргонуу системалары, Кисве жана Каламундагы аскердик аймактар атылды.

АКШ, Британия жана француз күчтөрү айрыкча режимдин текшерүүсүндөгү Хама облусунда аэропорт, Хомс облусунун Кусейр аймагында Хизбуллах күчтөрү, Дерада 89 -  полк деп билинген Иран күчтөрү  менен кээ бир аскердик жерлер, Сувейда облусунда Халхала аэропорту менен Дера облусунун Изра аймагындагы буталар атылды. Ошол эле учурда режим медиасы абадан коргонуу бөлүктөрүнүн кол салууларга жооп берүү менен кээ бир  ракеталарды абада жардыргандыгын ортого салды.

Өткөн жумада Сириянын борбор шаары Дамасктын Дума аймагында жасалган химиялык курал менен кол салууда 78 киши  каза болуп, окуяда Асад режимин жооптуу деген башта АКШ болгон батыштык күчтөр мунун жоопсуз калбай тургандыгын билдирген.

 

 

 



Тектеш кабарлар