Сауд Аравия Испаниядан аскердик кеме алат

Сауд Аравиянын мураскер принци Мухаммед Бин Селмандын Испания сапарында 5 аскердик кеменин алынышын камтыган келишимге кол коюлду.

950555
Сауд Аравия Испаниядан аскердик кеме алат

 

Сауд Аравиянын мураскер принци Мухаммед Бин Селмандын Испания сапарында 5 аскердик кеменин алынышын камтыган келишимге кол коюлду. Испанияда биринчи болуп Король Фелипе тарабынан кабыл алынган Бин Селман андан кийин делегациясы менен премьер  - министри Марино Ражой жана коргоо министри Мариа Долорес Коспедал менен басма сөзгө жабык  сүйлөшүү өткөрдү.

Испаниянын премьер  - министрлик офисинен берилген маалыматта сапарда коргоо тармактарында макулдашуунун билдирилиши менен аба транспорту, маданият, билим берүү, жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу тармактарда келишимдерге кол коюлгандыгы билдирилди. Маалыматта аскердик кемелердин курулушунун Кадис шаарында курулары, ошол эле учурда келишимдин Сауд деңиз флотунун машыктырылышын да камтыгандыгы белгиленди.

Испания фирмалары Бин Салман билдирген «2030  көз карашынын» негизиндеги проектилерге да кызыгуу көрсөтүүдө. Адам укуктары мекемелери болсо Мадридден Йеменге карата кол салууда колдоно ала турган аскердик кемелердин сатылбашын суранды.

Бин Салман Испаниядан мурда Франция, АКШ, Британия жана Египетке сапар менен барды.



Тектеш кабарлар