Бразилияда сары безгек

Бразилияда сары безгек эпидемиясынан июль айынан бери каза болгондордун саны 330га жетти.

950930
Бразилияда сары безгек

Бразилияда сары безгек эпидемиясынан июль айынан бери каза болгондордун саны 330га жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта акыркы бир жылда 1127 кишиге сары безгек диагнозунун коюлгандыгы, 1119 оорулуунун адистер тарабынан иликтенгендиги белгиленди. Эпидемиядан эң көп Минас Гериас аймагында жашаган кишилердин каза болгондугу белгиленди. 152 киши каза болгон аймакта 480 киши дарыланып жатат.

Сан-Паулу штатында 134 киши каза болуп, 453 кишиге сары безгек диагнозу коюлган. 63 киши каза болгон Рио де Жанейро аймагында да 187 оорулуу бар.

Бразилия өкмөтү акыркы эки жылдан бери уланып келе жаткан эпидемиядан улам март айында бардык жарандардын эмдөө алышына чечим чыгарган.

200 миллиондон ашуун калкка ээ өлкөдө бардык жарандардын эмделишинин 2019 -  жылдын апрель айында бүткөрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар