Трамптын Сирия тууралуу жаңы маалыматы

Трамп маалыматында : «Дароо атышыбыз да мүмкүн атпашыбыз да мүмкүн»,- деди.

950196
Трамптын Сирия тууралуу жаңы маалыматы

АКШнын президенти Дональд Трамп твиттерден Сириягы байланыштуу  жаңы бир маалымат берди. Трамп маалыматында : «Дароо атышыбыз да мүмкүн атпашыбыз да мүмкүн»,- деди.

Дональд Трамп кечээ дүйнөлүк күн тартибинде орун алган твиттер кабарынан кийин жеке эсебинен бүгүн жаңы бир маалымат берди. Трамп : «Сирияга качан кол саларыбызды айткан жокмун. Дароо атышыбыз да мүмкүн атпашыбыз да мүмкүн. Менин башкаруумда АКШ аймактан ДЕАШты чыгаруу үчүн чоң иштерди аткарды. «Рахмат Америка»,- деген сөзгө татыктуубуз, ал кайда»,- деди.  

АКШнын президенти Трамп Сириянын Дума районунда 7 -  апрелде болгондугу айтылган химиялык курал менен кол салуу кабарларынан кийин биринчи жолу Сириянын мамлекет башчысы Башар Асадга «айбан» деп айтты.

Кечээ маалымат берген Трамп : «Орусия Сирияга атыла турган ыктымалдуу ракеталарды атарын айтып жатат. Даяр бол Орусия, анткени жаңы, назик жана акылдуу ракеталар келет. Элин газ менен өлтүргөн жана мындан да ырахат алган бир айбан менен өнөктөш болбошуң керек»,- деген.

АКШнын президенти бул билдирүүсүнөн 40 минутадан кийин башка бир твиттер маалыматында : «Орусия менен карым  - катнаштарыбыз суук согуш мезгили да болуу менен эч болбогончолук жакшы эмес. Муну кереги жок. Орусиянын экономикалык жардамга муктаждыгы бар. Биз оңой эле жардам бере алабыз. Бирге иштешибиз керек. Курал жарышын таштайлы»,- деген.

 



Тектеш кабарлар