Мексикада жанар тоо жарылды

Кратер 1994 -  жылдан бери активдүү абалда.

949920
Мексикада жанар тоо жарылды

Мексиканын ортоңку бөлүгүндө жайгашкан Попокатепетль жанар тоосунда жарылуу болду. Мексика табигый апааттарды алдына алуу борборунун директору Карлос Валдес социалдык медиа аркылуу берген маалыматында Морелос, Пуебла жана Мексико аймактарынын ортосунда жайгашкан Попокатепетль жанар тоосунун жарылгандыгын жана күл атырылткандыгын белгиледи.

 Валдес 5 миң 426 метр бийиктиктеги жанар тоодон атырылган күлдөрдүн  диаметри 200 метр болгон аянтка жайылгандыгын белгиледи.

Попокатепетль жанар тоосунда эки ай мурда бир жарылуу болгон. Жанар тоосунун тегерегиндеги 100 километрдик аянтта 25 миллион киши жашап жатат. Кратер 1994 -  жылдан бери активдүү абалда.



Тектеш кабарлар