Йеменден Сауд Аравияга атылган 3 баллистикалык ракета абада жардырылды
Йеменде өкмөттү колго алууну каалаган хусилер 2014 – жылда бери борбор шаар Сана менен кээ бир аймактарды текшерүү астына алган.
Йеменден Сауд Аравияга атылган 3 баллистикалык ракетанын абада жардырылгандыгы, өзгөчө хусилерге таандык 2 учкучсуз аба унаасынын атып түшүрүлгөндүгү билдирилди. Сауд Аравиянын расмий маалымат агенттиги СПАда орун алган маалыматка ылайык Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн катчысы полковник Турки ел - Малики Йемендеги хусилер тарабынан ишке ашырылган баллистикалык ракета кол салуусунун абадан коргонуу системалары тарабынан тоскоолдукка учурагандыгын белгиледи. Малики борбор шаар Рияд менен Нежран жана Жазан шаарларын бутага алган 3 ракетанын абада жардырылганыгын белгиледи. Полковник Малики өзгөчө Сауд Аравиянын түштүк - батышындагы Эбха аэропорту менен Жазан шаарын бутага алган хусилерге таандык 2 учкучсуз аба унаасынын аэропорттун коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.
Йеменде өкмөттү колго алууну каалаган хусилер 2014 – жылда бери борбор шаар Сана менен кээ бир аймактарды текшерүү астына алган.
Сауд Аравияын жол башчылыгындагы коалиция болсо 2015 – жылдын март айынан бери Йеменде мыйзамдуу башкарууга караштуу күчтөргө колдоо берүүдө.