Орусиядан Трампка жооп

Орусия «акылдуу ракеталардын мыйзамдуу өкмөттөргө эмес, террористтерге карай учушу керектигин» билдирди.

949353
Орусиядан Трампка жооп

Орусия «акылдуу ракеталардын мыйзамдуу өкмөттөргө эмес, террористтерге карай учушу керектигин» билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусияга акылдуу ракета боюнча эскерткен маалыматына жооп берген Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова акылдуу ракеталардын мыйзамдуу өкмөттргө эмес, террористтерге карай учушу керектигин айтты.

Социалдык медиа эсебинен маалымат берген Захарова : «Акылдуу ракеталардын бир канча жыл өз жерлеринде эл аралык террор менен күрөшкөн мыйзамдуу өкмөткө карай эмес, террористтер болгон тарапка учушу керек»,- деп жазды.

Захарова АКШнын «акылдуу ракеталар» менен Сирияда атылгандыгы айтылган химиялык кол салуулардын далилдерин жок кыла аларын да белгиледи. Захарова : «Андай болсо Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун адистерине акылдуу ракеталардын химиялык курал колдонушуна байланыштуу бардык далилдерди жок кыла алары тууралуу эскертүү жасалдыбы? Же бардык бул ойлордун максаты акылдуу ракета кол салуусу менен провакациянын издерин жок кылуу жана OPCW адистеринин далил мүнөзүндө издей турган эч нерсе калтырбообу?»,- деди.

 



Тектеш кабарлар