Швейцарияда ПККны жактоочуларга бөгөт коюлду

Бернде жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын уруксатсыз митинг өткөргөн жактоочуларына полиция желим окторду жаадырды.

947173
Швейцарияда ПККны жактоочуларга бөгөт коюлду

Швейцариянын борбор калаасы Бернде жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын уруксатсыз митинг өткөргөн жактоочуларына полиция желим окторду жаадырды.

(Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда уланган) «Зайтун бутагы» кыймылын шылтоо кылып бир топтон бери Швейцарияда уруксатсыз митинг өткөргөн террорду жактоочулар полициянын катуу кийлигишүүсүнө дуушар болду.

Борбор шаарды баш аламан кылган ЙПГ/ПККны жактоочуларга желим окторду аткан Берн полициясы 239 кишини кармап кетти.

Швейцария басма сөзүндө расмий булактарга таянып берилген кабарларга караганда орто эсеп менен 400 ЙПГ/ПКК жактоочусу Берн поезд станциясынан Парламент аянтын көздөй жүрүшкө өттү.

Полициянын камакка алууга алып бара турган мамилелерден алыс болуулары үчүн эскертүүлөрүн укпаган террорду жактоочулар, бир топтон кийин Берн шаар борборунда бейбаштык кыла башташты. Колдорундагы факелдерди, чачыроочу боектор, пиротехникалык товарларды жана башка нерселерди  имараттарга ыргытып, зыян тийгизген террор уюмунун жактоочуларына полиция бөгөт койду.

ЙПГ/ПККны жактоочулар шаарда жүз миңдеген швейцария франкындай зыянга учуратты. Полция 63ү аялдан турган 239 кишини кармап алды.

Полиция таркаткан митингдер, түн ортосунда да борбор калаанын башка аймактарында майда топтор абалында бейбаштык кылып уланды.

Швейцариянын медиасы ЙПГ/ПККнын колдоочуларынын Швейцарияда алгач ирет зомбулук кылбаганын, февраль айында да Түркиянын Цюрихтеги Башкы консулдугуна кол салганын бөлүштү.

«Зайтун бутагы» кыймылы башталган 20-январдан бери Швейцариянын ар башка шаарларында уруксатсыз митинг өткөргөн ЙПГ/ПККны жактоочуларга полиция алгач ирет катуу күч колдонду.



Тектеш кабарлар