Палестина БУУга жаңы формула сунуштады

Палестина бийлиги эл аралык коомчулукту АКШ вето кыла албай турган формула ойлоп табууга чакырык салды.

946708
Палестина БУУга жаңы формула сунуштады

Палестина башкаруучулугу эл аралык коомчулукту «Газадагы окуялар тууралуу көз карандысыз териштирүү комиссиясынын курулуусу боюнча талабын» АКШ вето кыла албай турган формула ойлоп табууга чакырык салды.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги, Израилдин Газада ченемсиз күч колдонуусунун себебинен ондогон палестин шейит болгон зомбулук окуялары тууралуу көз карандысыз жана ачык териштирүү жүргүзүлүшүн талап кылган БУУнун коопсуздук кеңешинин талабын АКШнын экинчи ирет четке какканы боюнча жазуу түрүндө маалымат таратты.

Анда, жаңы формула табылбаган учурунда БУУнун коопсуздук кеңешинин Израиль тарабын колдогон АКШга карата чарасыз болуп калаары жана ишенимдүүлүгүн жогото турганы белгиленди.

АКШнын БУУнун коопсуздук кеңешинин талабын экинчи ирет вето кылышы айыпталганы билдирилген жарыялоодо, Израиль күчтөрүнүн палестиндерге кыргын салууларын АКШнын жаап жашырганы белгиленди.

БУУнун коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү Кувейт мурдагы күнү Газада жарандардын өлтүрүлүшү тууралуу көз карандысыз териштирүү комиссиясы түзүлүшүн талап кылган, бирок ал талабы АКШ тарабынан вето кылынган.

БУУнун коопсуздук кеңешинен талап кылынган буга окшогон биргелешкен жарыялоо өткөн аптада да АКШнын бөгөт коюусунун айынан өтпөй калган.



Тектеш кабарлар