Чыгыш Гутага химиялык курал менен кол салышты...

Чыгыш Гутанын Дума районуна уулу газ камтыган химиялык куралдар менен кол салуусунун себебинен 40 жаран каза тапты.

946668
Чыгыш Гутага химиялык курал менен кол салышты...
Doğu Guta.jpg

Сирияда Асад режиминин курчоо астында кармаган Чыгыш Гутанын Дума районуна уулу газ камтыган химиялык куралдар менен кол салуусунун себебинен 40 жаран каза тапты.

Чыгыш Гутадагы Жарандарды коргоо (Ак каскачандар) тобунун социалдык медиа барактарынан бөлүшкөн маалыматка караганда Асад режиминин Чыгыш Гутада оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү акыркы чекит болгон Дума районунда жарандык отурукташууларга карай химиялык курал менен кол салуусунан жүздөгөн жаран жабыркады.

Каза болгондордун саны көбөйө турганы санааркатып жатат.

Думага жума күнү кайрадан тыгыз кол салуу баштаткан режим күчтөрү, 19-мартта да бул жерге хлор камтыган химиляык курал менен кол салган.

Бир таратан Сириянын Адам укуктары желеси (SNHR), 4-апрелде жарыялаган отчетунда Башар Асад режиминин Сирияда жарандык согуштун башталышынын бери 214, Хан Шейхун кыргынынан кийин да 11 жолу химилык курал менен кол салганын жарыялады.

Орусиянын кепилдигинде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишим менен 22-мартта Чыгыш Гутадан мажбур түрдө эвакуациялоолор башталган.

Чыгыш Гутанын Арбин, Земелка жана Айн Терма отурукташкан жерлеринен эвакуациялоолор башталып, Дума темасында келишим түзүлө алган эмес.

Аймакты көзөмөлүндө кармаган аскердик оппозициячыл топтордон Жейшүл Ислам жана Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жатканда, 2-апрелде Думадан да эвакуациялар башталган жана 5 миң чакты жаран Сириянын түндүгүндөгү оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга жиберилген.

Думага кол салуулар да чоң өлчөмдө токтогон. Бирок акыркы 2 күндөн бери кол салуулар кайрадан башталган.

Жергиликтүү маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда абадан кол салуулардын кайрадан башталышынын себеби катары Думанын да ок атышпоо жана эвакуациялоонун алкагына кошулуусун талап кылган Жейшүл Ислам менен Орусиянын ортосунда келишим түзүлө албоосу көрсөтүлүүдө.

Орто эсеп менен 7 чарчы чакырымдык Думада учурда 100 миң киши курчоо астында турат.



Тектеш кабарлар