Индонезияда митинг болду

Индонезияда биринчи мамлекет башчысы Сукарнонун кызы Сукмаватиге каршы митинг өткөрүлдү.

946080
Индонезияда митинг болду

Индонезияда исламга каршы акаарат кылды деген негиз менен өлкөнүн биринчи мамлекет башчысы Сукарнонун кызы Сукмаватиге каршы митинг өткөрүлдү.

Борбор шаар Жакартада жума намазынан кийин коопсуздук директорлугунун алдында чогулган жүздөгөн киши окуган ырында исламга акаарат кылды деген негиз менен Сукмаватинин камакка алынышын талап кылышты.

Колдорунда плакаттар менен жүргөн митингчилер текбир келтирип Сукмаватиге каршы ураандар менен жүрүштү.

Келген катуу каршы чыгуулардан улам Сукмавати басма сөздүн алдына чыгып элден кечирим сураган болчу.

 



Тектеш кабарлар