Дональд Трамп Катардын Эмири Шейх Темими бин Хамед Ал Сани менен 10 - апрелде жолугушат
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын күчтөндүрүлүшү сөз болот.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Катардын Эмири Шейх Темими бин Хамед Ал Сани 10 -апрелде Ак үйдө жолугушуу өткөрөт. Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын күчтөндүрүлүшүнө, өзгөчө биргелешкен коопсуздук жана экономикалык алдыңкылыктардын өнүктүрүлүшүнө карата кадамдардын каралары белгиленди.
Акыркы болуп Ак үйдө Сауд Аравиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман менен жолугушкан жана Жакынкы Чыгыш саясаттары тармагында Рияд менен жакшы мамиледе болгон Трамптын Катар эмири менен өткөрө турган жолугушуулардын Булуң саясатына жана Сирия тууралуу абалдарга таасирин тийгизери белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.