Чыгыш Гутада эвакуациялар улантылууда
16 - конвой Евфрат калканы операциясынын аймагындагы Ел – Баб районуна барды.
944887
Сирияда Башар Асад режими жана колдоочулары блокадага алган Чыгыш Гутадан эвакуациялоого мажбур болгон кишилерди ташыган 16 - конвой Евфрат калканы операциясынын аймагындагы Ел – Баб районуна барды.
22 - мартта Чыгыш Гутада башталган мажбур түрдөгү эвакуациянын негизинде жарандарды ташыган 16 - конвойдо 633 киши бар жана алардын 233чү бала, 180ни аялдар. Эвакуациялангандар Ел – Баб районуна караштуу Кыббасин аймагында курулган убактылуу баш калкалоо борборлоруна жайгаштырылат.
Ушундайча мажбур түрдөгү эвакуациялардын негизинде 50 миңден ашуун киши Чыгыш Гутадан чыккан болду.