АКШ-Орусия жана дипломаттар менен ойноо

Өлкөдөн чыгарылган дипломаттардын ордуна АКШ жана Орусия бири-бирине жаңы дипломаттарды жибере алат.

944078
АКШ-Орусия жана дипломаттар менен ойноо

АКШ жана Орусиянын эки тараптуу өлкөдөн чыгарылган дипломаттардын ордуна жаңы дипломаттарды жибере ала тургандары билдирилүүдө.

АКШнын CNN телеканалынын Мамлекеттик департаменттин ысымын айтпаган жогорку рангадагы жооптуу кызматкерин негиз кылып берген кабарында, өлкөдөн чыгарылган дипломаттардын ордуна АКШ жана Орусия бири-бирине жаңы дипломаттарды жибере алат.

Кабарга караганда жогорку кызматтагы жооптуу, «Мындан мурда ушуга окшогон абалдарда болгону сыяктуу,АКШ жана Орусия өткөн аптада өлкөдөн чыгарылган дипломаттардын ордуна бири-бирилерине жаңы дипломаттарды жибере алышат»,-деп айтты.

Жооптуу кызматкер, өлкөдөн чыгарылган дипломаттардын кызмат кылган өлкөдө «кааланбаган киши» деп жарыялангандары үчүн ошол эле кызмат үчүн башка дипломаттардын милдеттендиириле турганын белгиледи.

Жооптуу кызматкер айрыкча, «Орусиянын биздин кызматкер саныбызды азайтуу сыяктуу талабы болгон жок. Биз да мындан АКШнын Орусияга жаңы дипломаттарды жөнөтө ала турганы түшүнүгүн чыгаруудабыз» деген серебин салды.

Вашингтон бийлиги Англияда мурдагы Орусиянын тыңчысынын ууланышы окуясы боюнча жооптуу көрүлгөн Орусиянын АКШда кызмат кылган 60 дипломатын өлкөдөн чыгаруу жана Сиэтлдеги Орусиянын Консулдугун жабуу чечимин чыгарганын маалымдап, мунун аркасынан өлкөдөн чыгарылышына чечим чыгарылган орус дипломаттар өлкөсүнө кайткан болчу.

Орусия дагы буга жооп иретинде 60 америкалык дипломаттын өлкөдөн чыгарыла турганын жана Санкт-Петербургдагы Американын Консулдугунун жабыла турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар