Трамп менен Путин Ак үйдө жолугушабы?

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерстин жазуу түрүндөгү жарыясы.

943370
Трамп менен Путин Ак үйдө жолугушабы?

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосунда жакында болушу ыктымалдуу жолугушуу жерлеринин арасында Ак үй да бар.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс, жазуу түрүндөгү жарыясында Трамп-Путин жолугушуусу тууралуу, «Президент Трмаптын да 20-марттагы президент Путин менен телефондогу сүйлөшүүсүнөн дароо кийин билдиргени сыяктуу, экөө өтө узак эмес келечекте жана Ак үй да арасында болгон ыктымалдуу жерлерден биринде жолугушууну карап чыгышты. Учурда бул билдирүүгө кошумчалай турган жаңы жаңылык жок»,-деп жазды.

Ак үй, бул билдирүүсү менен Трамп менен Путиндин ортосунда жакында болушу ыктымал жолугушуунун Ак үйдө да боло турганын кабыл алган болду.

Кремлдин жарыясында Трамптын 20-марттагы телефондогу сүйлөшүүсүндө Путинди Ак үйгө чакырганы маалымдалган.

АКШ бийлиги өткөн аптада АКШда кызмат кылган жалпы 60 орус дипломатты Англияда мурдагы бир орус тыңчысынын Орусия тарабынан ууландырылганы айтымынан кийин чек арадан чыгаруу чечимин чыгарган.

Трамп, 20-марттагы телефондогу сүйлөшүүсүндө болсо өлкөсүндөгү шайлоолорду жеңген Путинди куттуктап, Америка медиасында Трамптын эң жакын улуттук коопсуздук кеңешчилеринин эскертүүлөрүнө карабастан Путинди куттуктаганы жөнүндө айтымдар күн тартипке келген.



Тектеш кабарлар