Ал эмес Суук согуш мезгилинде дагы адеп-ахлак эрежелери бар болчу...

Москвада Бангладештин тышкы иштер министри Абдүл Хасан Махмуд Али менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Лавровдун ызалануусу.

942800
Ал эмес Суук согуш мезгилинде дагы адеп-ахлак эрежелери бар болчу...

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Суук согуштун дагы эрежелери бар экенин айтты.

Учурубузда Орусиянын АКШ, Англия жана башка өлкөлөр менен карым-катнаштарынын Суук согуш (1947-1991) мезгилинен дагы жаман экенин айткан Лавров, Суук согуш мезгилинде дагы эрежелер болгонун, аты аталган өлкөлөрдүн болсо адеп-ахлак эрежелерин таштаганын белгиледи.

Москвада Бангладештин тышкы иштер министри Абдүл Хасан Махмуд Али менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Лавров, Англия жана АКШ баштаган бир катар батыштык өлкөлөрдүн мурдагы орус тыңчысы сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын ууланышы себеби менен орус дипломаттарды өлкөлөрүнөн чыгаруусуна сереп салды.

Лавров: «Суук согуш туурасында абдан көп нерсе айтылууда. Учурдагы абалдын классикалык Суук согуш мезгилинен дагы начар экени айтылууда. Ошондуктан ал мезгилде айрым эрежелер бар болчу, адеп-ахлак эрежелери ишке ашырылчу. Бирок бүгүнкү күндө башындагы Англия, АКШ жана аларды сокурдай ээрчиген батыштык өнөктөштөрүбүз, бардык адеп эрежелерин таштап ачык эле жалган айтууга жана дезинформацияга багытталды»,-деп айтты.

«Ар түрдүү күнөөлөөнүн фактыларга таянышы керектиги темасында көөшөрүп турабыз. Ал эми факты табылбаган соң ызаланууларын карым-катнаштарды колдоо, кыйын кезеңдерде чечүүчү жол табуу, кыйынчылыктарды ашып өтүү максатында бир канча жолдорду табыш үчүн милдеттендирилген дипломаттарга чагылдырышууда»,-деп айткан Лавров, өлкөдөн чыгаруулардын жасалма себептерге таянганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар