Орусия менен Англиянын тыңчы кризиси дүйнөлүк көйгөйгө айланды

Кризис дипломаттар менен эле чектелип калган жок. Лондонго конгон Орусиянын жүргүнчү учагы кылдат тинтилишинин себебинен Орусиянын Элчилигин ызы-чууга салды.

942006
Орусия менен Англиянын тыңчы кризиси дүйнөлүк көйгөйгө айланды

Орус дипломаттардын алгачкы тобу Вашингтондогу Элчилигинен чыгып кетти.

Англия жана Орусиянын ортосундагы тыңчы кризиси эл аралык көйгөйгө айланды.

Кош тыңчы Сергей Скрипаль менен кызына карай химиялык кол салуудан келип чыккан кризисте тирешүүнүн камчысы дипломаттардын жонуна урулууда.

Орус дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечимдери удаама-удаа чыкты. 20дан ашуун өлкө 130дан ашык орус дипломатын өлкөсүнөн чыгарды.

АКШнын өлкөсүнөн чыгаруу чечимин чыгарган 60 орус дипломаттын биринчи тобу үй-бүлөлөрү менен кошо Орусиянын Вашингтондогу элчилигинен чыгып кетти.

Орус дипломаттар алар үчүн жиберилген атайын эки учак менен Москвага кайтат.

Бир тараптан Орусиянын Сиэтлдеги Консулдугу да жабылды. Консулдукта иштегендер болсо 2-апрелге дейре АКШнын территориясын таштап, бардык документтерди жана буюмдарды имарттан чыгарууга мажбур.

Москва болсо жооп иретинде 60ы америкалык болуп 150дөн ашуун дипломатты чет өлкөгө чыгаруу чечимин чыгарды.

Кризис дипломаттар менен эле чектелип калган жок. Лондонго конгон Орусиянын жүргүнчү учагы кылдат тинтилишинин себебинен Орусиянын Элчилигин ызы-чууга салды.

Лондондогу Орусиянын Элчилиги тинтүүнүн эл аралык укукка жатпаганын билдирди.

Орусия менен Батыштын ортосунда 2-Дүйнөлүк согуштан кийин болгон эң олуттуу тыңчы кризиси Европаны суук согуш жылдарына алып барды.

Бардыгы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын 4-мартта Солсбериде бир банкта эсин жоготкон абалда табылышы менен баштылды.

Кылмыш нерв газы менен кылынганы белгиленди. 66 жаштагы Скрипаль дагы деле реанимацияда жатат. Кызы Юлия Скрипалдын болсо саламаттык абалы орчундуу деңгээлден оңду көздөй баратат.

Кош тыңчы Сергей Скрипаль менен кызынын Лондондо химиялык кол салууга дуушар болуу окуясы тууралуу 18 өлкө бир убакта маалымдоо жасап, окуяга Орусияны жооптуу көрүштү.

Англия, Скрипаль менен кызынын ууланышы боюнча жооптуу көргөн Орусияга каршы бир катар санкция чечимин чыгарды жана алгачкы кадамда 23 дипломатты чек арадан чыгарды. Орусия дагы буга жооп иретинде ошондой эле сандагы англис дипломатын өлкөдөн чыгарган.

Англис полициясы, Скрипаль менен кызынын үйүндө кол салууга дуушар болгонун ойлоодо. Ал эми нерв газы үйүнүн каалгасынын жакынында көп кездешилди.

Англиянын полициясы кол салууну Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын буйругу менен мурдагы КГБнын жан сакчысы Андрей Луговой менен башка бир Орус атуулу Дмитрий Ковтундун кылганын божомолдоп жатат.



Тектеш кабарлар