Гутеррештен суук согуш эскертүүсү

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш : «Абдан тынчсызданып жатам. Суук согуш мезгилине окшогон абалга карай бара жатабыз».

941073
Гутеррештен суук согуш эскертүүсү

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш АКШ менен Орусиянын ортосундагы келишпестиктен тынчсыздангандыгын билдирди. Гутерреш БУУнун борбрунда журналисттердин күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берип, Британия менен Орусиянын ортосундагы агент кризисинен кийин АКШнын да 60 орус дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечими менен дагы да начарлаган Орусия  - АКШ карым  - катнаштарына карата баа берди. Гутерреш  : «Абдан тынчсызданып жатам. Суук согуш мезгилине окшогон абалга карай бара жатабыз»,- деди.

Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда келерки айда аткарылышы пландалган саммитти ыраазычылык менен кабыл алгандыгын айткан Гутерреш Корея жарым аралында ядролук куралсыздануу үчүн эки өлкөнүн ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөргө муктаждыктын бар экендигин жана саммиттин «тынчтыкчыл чечүүчү жол үчүн мүмкүнчүлүк экендигин» баса белгиледи. Гутерреш Түндүк Кореянын лидери Ким Чен ын менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Циньпиндин жуманын башындагы сүйлөшүүсүнө байланыштуу Кытайдын бул аймактагы маселелердин чечилишинде маанилүү бир ролу болгондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар