Трамп менен Мэй Орусия темасын сүйлөштү

Эки лидер Орусияга каршы таштала турган кадамдарды талкуулашты.

940016
Трамп менен Мэй Орусия темасын сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Англиянын премьер-министри Тереза Мэй кечээ өткөргөн телефондогу сүйлөшүүсүндө, орус чалгындоо кызматынан келип чыкканы айтылган коркунучтарга чара көрүлүшү жана химиялык куралдардын колдонулушуна уруксат берилбеши темасында таштала турган кадамдарды талкуулашты.

Ак үйдүн буга байланыштуу билдирүүсүндө: «Президент Дональд Трамп бүгүн Англиянын премьер-министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эки лидер, Орусиянын жашыруун иштерине чектөө коюлушу жана кандайдыр бир өлкөдө колдонула турган химиялык куралдарга бөгөт коюлушу максатында Орусиянын Англия менен АКШдагы тыңчылык аракеттеринин токтотулушунун маанилүү экени боюнча макулдашышты»,-деген сөздөргө орун берилди.

Мурдагы орус тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия 4-мартта Солсбери шаарындагы бир банкта өздөрүн жоготкон абалда табылган болчу. Ооруканада жатышкан атасы менен кызынын абалы дагы деле туруктуу бойдон.

Лондон мурдагы тынчынын ууландырылышы боюнча Орусияны күнөөлөп жатат. Москва болсо дагы деле комада жаткан мурдагы тыңчы менен кызынын окуясына байланыштуу айыптоолорду четке кагууда.



Тектеш кабарлар