Орусия Арменияга курал-жарак берет
Орусия менен Армениянын ортосунда 24-октябрда өкмөттөр аралык насыя келишимине кол коюлган болчу.
940350
Орусиянын федералдык аскердик техникалык кызматташтык кызматынын жетекчи орун басары Владимир Дроежов, Арменияга курал-жарак жөнөтүүнүн быйыл баштала турганын айтты.
Армениянын борбор шаары Ереванда өткөрүлгөн ArmHiTec эл аралык курал-жарак жана коргоо технологиялары жарманкесинде журналисттерге маалымат берген Дроежов, аты аталган жөнөтүүнүн 2018-жылы ишке ашырылышы көздөлгөнүн билдирди.
Орусия менен Армениянын ортосунда 24-октябрда өкмөттөр аралык насыя келишимине кол коюлган болчу.
Келишимге караганда Орусия Арменияга орус аскердик техникаларынын жөнөтүлүшү үчүн 100 миллион долларлык экспорт насыясын берет.