Израиль аскерлери 3 жаштагы баланы коркутту

Израиль армиясынын текшерүүсү астындагы Эски Шаарда жашаган 400 еврей отурукташуучу 1500гө жакын аскер тарабынан коргоого алынган.

940318
Израиль аскерлери 3 жаштагы баланы коркутту

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шериада 3 жаштагы палестиналык баланы коркутту. Палестиналык бир активисттин тартып алган көрүнүштөрүнүн саясында Ел Халил шаарында Израиль аскерлеринин Дыргам Месведе аттуу палестиналык 3 жаштагы баланы коркутууга алгандыгы ортого чыкты.

Интернтте жайылган видеодо Израиль аскерлеринин «бычак алып жүргөн» деген негиз менен алган баланын ыйлагандыгы, агасы жана атасынын баланы куткарууга аракет кылгандыгы, аскерлер тарабынан тоскоолдукка учурагандыгы бар.

Видеодо атасы менен агасынын баланы аскерлердин колунан алгандыгы да орун алган.

Отурукташуу жерлерине каршы жаштар тобунан Ахмед Амр бул тууралуу берген маалыматында Месведенин туугандарыныкынан кайтып келе жатканда «ашкана бычагын кезеди» деген негиз менен аскерлер тарабынан алынгандыгын белгиледи.

Амр 3 жаштагы балага жасалган бул кыймылдын Израилдин Ел Халилдеги палестиналыктарга карата күн алыс жасалган эреже бузуу экендигин айтты.

Месведе үй  - бүлөсү Ел Халил шаарындагы Ибрахим мечитинин жакынында жашап жаткан кезде бул аймакта жашаган палестиналыктардын бат – бат Израиль аскерлеринин кол салуусуна учурашкандарын билдирди.

Израиль армиясынын текшерүүсү астындагы Эски Шаарда жашаган 400 еврей отурукташуучу 1500гө жакын аскер тарабынан коргоого алынган.

 

 



Тектеш кабарлар