Түндүк Корея менен Кытайдын лидерлеринин жолугушуусун Орусия кандай баалады?

Ким Чен Ын менен Си Цзиньпин Пекинде жолукту.

939430
Түндүк Корея менен Кытайдын лидерлеринин жолугушуусун Орусия кандай баалады?

Орусия, Түндүк Корея менен Кытайдын лидерлеринин ортосунда өткөрүлгөн жолугушууну маанилүү кадам катары баалаганын билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Москванын Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда Пекинде өткөрүлгөн жолугушууну Корея жарым аралындагы оң абалды күчтөндүрө турчу маанилүү кадам катары баалаганы белгиленди.

Билдирүүдө Москванын Кытай менен болгон кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана аймактагы маселелердин чечилүүсү үчүн диалогго даяр экени белгиленди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Орусиянын Президенттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков да Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ким Чен Ындын ортосунда азырынча пландалган сүйлөшүү жок экенин айтты.

Ким Чен Ын 25-28-март күндөрүнүн аралыгында Кытайга барып, кытайлык кесиптеши менен жолугушууларды өткөргөн болчу.



Тектеш кабарлар