Кайданов Түркия менен Иракка сапар жасайт

АКШнын Мамлекеттик катчылыгы жазуу түрүндө маалымат берди.

939085
Кайданов Түркия менен Иракка сапар жасайт

АКШнын Мамлекеттик катчылыгында саясий жана аскердик иштер боюнча жооптуу кеңешчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Тина Кайдановдун Түркия менен Иракка сапар жасай турганы билдирилди.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгы, Кайдановдун Түркия менен Иракка 28-марттан 3-апрелге чейин жасай турган сапарлары тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Кайдановдун Анкарада Тышкы иштер жана коргоо министрликтериндеги жооптуу кызматкерлер менен өткөрө турган сүйлөшүүлөрдө, аймактык коопсуздук жана эки өлкөнүн ортосундагы коргоо соодасы темаларын карай турганы белгиленди.

Кайдановдун Иракка жасай турган сапарында да жогорку даражалуу ысымдар менен жолугушуп, аймактык коопсуздук темаларын сүйлөшө турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар