Түндүк Корея менен Түштүк Кореяга таандык эки делегация чек арада жолугат

Түндүк Корея тарабынан Корея тууралуу жогорку деңгээлдеги жолугушууларды ишке ашырыш үчүн Түштүк Кореянын сунушу бекитилди.

936950
Түндүк Корея менен Түштүк Кореяга таандык эки делегация чек арада жолугат

Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлиги, Түндүк Корея менен Түштүк Кореяга таандык эки делегациянын 29-мартта жолуга турганын жарыялады.

Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Түндүк Кореянын тынчтыкчыл кайрадан биригүү комитетинин төрагасы Ри Сон-гвондун жетекчилигинде үч адистен турган комитет 29-мартта чек арадагы Панмунжомдо Түштүк Кореянын жооптуу кызматкерлери менен жолугат.

Министрликтин бул тема тууралуу жарыясында, «Бүгүн эртең менен Панмунжомдогу байланыш каналдары жолу менен Түндүк Корея тарабынан Корея тууралуу жогорку деңгээлдеги жолугушууларды ишке ашырыш үчүн жасаган сунушубуз бекитилди»,делди.



Тектеш кабарлар