Москвада «Дүйнөлүк саат» акциясына колдоо көрсөтүлдү

Орусиянын борбор шаары Москвадагы маанилүү имараттарда электр жарыктары бир саатка өчүрүлдү.

937020
Москвада «Дүйнөлүк саат» акциясына колдоо көрсөтүлдү

Дүйнөдөгү климат өзгөрүүсү жана айлана-чөйрө маселелерине көңүл буруш үчүн Жаратылышты коргоо фонду (WWF) ишке ашырган «Дүйнөлүк саат» иш-чарасынын алкагында Орусиянын борбор шаары Москвадагы маанилүү имараттарда электр жарыктары бир саатка өчүрүлдү.

Москва 6-ирет колдоо көрсөткөн иш-чарада, тарыхый Кызыл аянттагы Кремль сарайы, «Азиз Василий» собору, Спасская мунарасы жана ГУМ соода борбору менен катар өкмөт, парламент, университет имараттары жана маанилүү бизнес борборлорунун электр жарыктары өчүрүлдү.

Москванын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу кызматкерлери борбор шаарда бардыгы 1900дөн ашуун имараттын электр жарыгы өчүрүлгөнүн маалымдады.



Тектеш кабарлар