АКШ менен Кытайдын "соода согушу" башталабы?

Ак үйдүн жарыясына караганда Дональд Трамп, «Кытайдын экономикалык шылуундугуна» каршы жаза мүнөзүндөгү соодалык чара көрүүлөрүн Вашингтон убактысы боюнча саат 12:30да жарыялайт.

935115
АКШ менен Кытайдын "соода согушу" башталабы?

АКШнын президенти Дональд Трамп, өлкөсүнүн технологиялык жана соодалык сырларын уурдаганы себеби менен Кытайга миллиарддаган доллардык кошумча бажы салыгы жана инвестиция чектөөлөрүн киргизет.

Ак үйдүн жарыясына караганда Дональд Трамп, «Кытайдын экономикалык шылуундугуна» каршы жаза мүнөзүндөгү соодалык чара көрүүлөрүн Вашингтон убактысы боюнча саат 12:30да жарыялайт.

Кытайдын АКШнын технологиялык жана соодалык сырларын уурдаганы жана Америка фирмаларынын интеллектуалдык мүлк укуктарын бузганы себеби менен АКШнын соода өкүлчүлүгү тарабынан 2017-жылдын август айында баштаткан териштирүүнүн натыйжасында таштала турган токтомдордун алкагында, Кытайдан чыккан жүздөгөн товарга кошумча салыктар киргизилиши менен катар кытайлык фирмалардын АКШдагы инвестицияларына айрым чектөөлөр коюлушу күтүлүүдө.

Аты аталган инвестицияларды чектөөлөр менен АКШнын жасалма интеллект жана мобилдик технология тармактарынын корголушу максатталганы белгиленген.

Ысымын билдирбестен басма сөзгө маалымат берген адистер, Кытайдан импорттолгон электроникалык аппараттардан тартып бут кийимдерге чейин бир топ товарга коюла турган бажы тарифтеринин жалпы суммасынын эң аз 50 миллиард долларга жете турганын белгиледи.

Эл аралык соода адистери болсо АКШнын президенти Трамптын темир-болот жана алюминийге киргизген кошумча бажы тартифтери тууралуу талаштар азырынча бүтө электе, Кытайды бутага алган жаңы чара көрүүлөрүн жарыялоосунун «соода согушу» санааркоолорун күчөтө турганын айтып чыгышты.

Трамп, 9-мартта импорттолуучу темир-болот жана алюминийге катары менен 25 жана 10 пайыздык тариф ишке ашырыла турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар